Сокулуктун облустук ичик иштер бөлүмүндөгү тергөөчүлөр жаңы башчысы Нурдан Орунтаевге каршы чыгышты. Алар бу киши менен иштөө мүмкүн эместигин айтып, он чакты тергөөчүлөр Ички иштер министрине жана Чүй облусунун Мамлекеттик ички иштер башкармалыгына арыз жазышты.
Тилекке каршы, ИИМдин жетекчилиги адилеттүү кызматтык текшерүү жүргүзүүнүн, түшүнбөстүктү изилдөөнүн ордуна арыз жазгандардын бардыгын башка райондорго которуп жиберген.
Азыркы учурда Сокулук районунда тергөөчүлөр жетишпей, 16 кызмат орду бош турат. Ал эми башчы болуп келген Нурдан Орунтаев мурда Бишкектин Октябрь районунун ички иштер башкармалыгында иштеген экен.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ