Menu

Темирбек Асанбеков, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери: “Кыргызстанда парламенттик башкаруу эмес эле, кландык бийлик институттарынын системасын орнотушту”

Бөлүшүү:

-Темирбек Ишенбаевич, Кыргызстанда парламенттик башкаруу өз жемишин бере баштадыбы же тескерисинче пайдасынан зыяны көбүрөөк байкалдыбы?

– Парламенттик башкаруу коомдук аң-сезимдин сапаты, мамлекеттин жетекчилеринин саясый тажрыйбасы, руханий тарбиясы, маданияты билими жетиштүү деңгээлде болгондо гана мамлекет үчүн көрүнүктүү жыйынтыкты көрсө болот. Кыргызстанда саясый жетекчилер парламенттик башкаруу эмес эле, жеке кызыкчылыктарын коргоо үчүн кландык бийлик институттарынын системасын орнотушту. Ошон үчүн парламенттик башкарунун пайдасынан зыяны көбүрөөк байкалып жатат.

– Партиялык тизме менен шайлаганда адамга эмес, партияга добуш берип, жыйынтыгында эл күтпөгөн адамдар депутат болуп калат экен деп нааразы болгондор көп. Бул боюнча кандай ойдосуз?

– 2010-жылдан бери 5-чи, 6-чакырылышта эки парламенттик шайлоо болду. Көпчүлүгү социалдык жактан кыйналып турган элди материалдык жана акча каражат реусурстары менен үмүттөндүрүп, үгүттөө топторуна коомго ар дайым пикирин таңуулап турган адамдарды кошуп, курулай убадаларды бетпактык ыкмалары менен таратышып, административдик мүмкүнчүлүктү болушунча колдонушуп, шайлоо процесстерин өткөрүп бийликке келишти. Жалпы коом партиянын мамлекетти өнүктүрүп кете турган чыныгы улуттук идеясына, саясый экономикалык программасына добуш беришкен жок. Ошол тизмедеги амалдуу, ыймансыз адамдардын саясый ыкмаларына алданышып добуштарын беришти. Эки шайлоо тең кыргыз элинин кезектеги чоң трагедиясы болуп, ошонун кесепетин жаралган экономикалык тоскоолдуктардын азабынан карапайым эл кыйынчылыкты баштан кечирип жатышат.

– Элдин маселеси биринчи орунга чыгыш үчүн бир мандаттуу эле шайлоо керекпи же эл көнө баштаган партиялык система менен эле шайлоого барган ыңгайлуубу?

– Убакыт ченемдүү, өз баштарынан саясый сыноолорду өткөргөн кыргыз эли чыныгы саясый партиялар кандай болоорун, эми гана түшүнүп маани бере башташты. Биз, “Мекен Ынтымагы” партиясынын мамлекетти көтөрүү, элдин турмуш деңгээлине жеңилдик алып келүү багытындагы жарыялаган мазмундуу илимий сунуштарыбыздын маанисине көнүл бурула баштады. Чыныгы саясый партиялар эл ишенимине татыктуу болууга убакыт керек экенин түшүнө башташты. Дүйнөдө өнүккөн өлкөлөрдүн баары, жалпы коомду өнүктүрүү багытындагы идеянын негизинде гана партия уюмдары менен элине туура саясый билим берип, сезимин өстүрүп, сапаттуу бийлик институттарын түптөп, анан парламенттик башкарууга келишкен. Биз азыр кайрадан бир мандаттуу шайлоого өтсөк, ар бир айылдан, тууган уруктан депутат болом деген эргулдар шайлоого аттанып, мамлекеттик кызыкчылык эмес эле, үй-бүлөлүк кызыкчылыктарды коргоо багытындагы коомдук талаш тартышка айланган баш аламандыкка келип такалабыз. Мисал кылып кетейин, жакында эле бир айылда шайлоо болду. Ич ара талашып, 20 орунга 80ден ашык делегат чыгып, тууган урук болуп тирешкен шайлоого келип такалдык. Бул жакшылыктын симптому эмес.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: