Menu

Путин 67-жылдыгын жакындары менен жаратылышта белгилеп жүрөт

Бөлүшүү:

Орусия Президенти Вдадимир Путин туулган күнүн жакындары менен жаратылышта белгилөөнү чечкен. Ал үчүн ал алдын ала Сибирь тайгасына чейин барып, жер тандап келген экен. Бул тууралуу пресс-катчысы Дмитрий Песков билдирди. Негизинен орус өлкө башчысы туулган күнүн ар кандай тосуп жүрөт: жолугушууларда, жыйындарда, эл аралык саммиттерде, расмий сапарларда. Кээде чет элдик досторун да чакырып калат. Мисалы, Италиянын экс-лидери Сильвио Берлусконини Москвага чакырып, экөөсүнүн жетелешкен сүрөттөрү далай чыккан. Кытай лидери Си Цзиньпин менен бокал кагышып, колбаса ооз тийишкен видео да бар. Бир ирет Бали аралында саммит өтүп, Индонезиянын агездеги президенти Сусило Бамбанг орус лидерине гитарада ойноп, Happy Birthday to You ырын чоюп берген. Эми минтип жакындары менен гана Сибирге учуп кетти.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: