Свердлов районунда 23-июль күнү саат 16:00дө “Комсомольское” көлмөсүндө 2002-жылы туулган Т.Р. аттуу эркек адам сууга түшүп атып бутунун тарамышы түйүлүп калган. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, бул учурда КР ӨКМнин куткаруучулары биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп сууга чөгүп кетүүдөн сактап калышкан. Куткаруу ишине 4 адам тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ