Menu

Ырчы Алина Жетигенова өзү жөнүндө кетип жаткан ушак-айыңга жооп берди

Бөлүшүү:

КРнын эмгек сиңирген артисти, ырчы Алина Жетигенова 40 миң сомдук товар жөнүндө өз чындыгын айтты.

Съемкадан чыгып баратсам, Асел (алып баруучу) жолугуп калып, ал: “Алина эже, сиңдимдин товарлары бар эле. Сиздин тааныштарыңыз көп го. Сатышып бериңизчи”,- деп офисине киргизип, бир пальто, бир куртка, бир жеңи жок күрмө (безрукавка) берди. “Мен гастролго кетип атам, сыртта көпкө жүрүп калам”,- дегениме карабай, “жазга чейин сатылса болду”,- деп берип салды. Ошентип гастролго кетип калып баягы товарларды сата алган жокмун. Кийин өтпөй жатканын айтып, “товарларды алып барып берейин”,- десем, “албайм, акчасын бериңиз”,- деди, чыны таңгалдым. Ак көңүл жаным мейли, дагы аракет кылып көрөйүн деп товарды коюп койдум. Кийин ортодо бир топ жагымсыз чалуулар болду. “Акчасын мен берип койгом. Мага акча керек”,- деп тааныбаган аял чалып доолай баштады. “Мага товарды ким берсе, ошону менен сүйлөшөм”,- деп ал аялдан араң кутулдум. Дагы бир күнү: “Жолдошумун, ал акчаны мен бергем. Акчамды алып келип бер!”,-деп чалды. Кыскасы, товарды мен өз каалоом, өз эрким менен алгандай туш тараптан кыйнашты. “Эгер товарды сатып, акчаны алып келип бербесе, анда социалдык тармактарга уят кылып чыгарам”,- деп коркутуп жазган СмСтерин да Асел мага жөнөткөн. Ал менде сакталуу. Аягында Асел менен сүйлөшүп, товарларды алып барып бере турган болдум. Дал ошол күнү бир тойдон Аселге жолугуп калып, “товарларды азыр эле берип коеюн”,- десем, ал: “Эже, азыр машинам толтура товар. Эртең менен алып келип бериңиз”,- деди. Эртеси “Замананын” таңкы көрсөтүүсүнө тартылмакмын, ошол жакка баратып, өзү жок экен, офисине таштап кеткем. Аселдин сиңдисин көргөн да, сүйлөшкөн да эмесмин. Анан эле сиңдиси товарды мен ага жанталашып барып, карызга алып кеткендей, акчасын бербей, качып жүргөндөй жаманатты кылып жазып чыкты. Чынында абдан ызаландым. 40 жыл сахнада жүрүп, элге арнаган ак эмгегиме, жеке аброюма шек келтиришкендер жүрөгүмдү оорутту. Айрым сайттар бул жалааны мага чалып тастыктабай туруп, жайылтуу аракеттерин көрүштү. “Шоу дүйнө жаңылыктары” деген аккаунт “Алина Жетигеновага чалсак өчүк, байланыша алган жокпуз”,- деп жазыптыр. Мага эч ким чалган жок. Чалса ушул нерсени айтып бермекмин. Менин телефонум эч качан өчүк болбойт. Телефон номерлерим өзгөргөн эмес. Чыгармачылыктагы кесиптештеримден сурашса деле табышат болчу. Ошондой эле бул аккаунтка болгон чындыкты жазгандардын комментарийлерин эмнегедир өчүрүп салып жатышат.  Бул жалаа үчүн эл алдында уят болуп, уйку бетин көрбөй, жүрөк сыздап, дары ичип, жаман абалда жүргөндүктөн, коомчулукка, элге бул иш кандай болгонун айтып койгум келди”,-дейт Алина Жетигенова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: