Menu

Тажикстан Республикасынын Худжанд шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын Туристтик Бизнес-форуму болуп өттү

Бөлүшүү:

Ишемби, 5-октябрь күнү Тажикстан Республикасынын Худжанд шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн астындагы туризмди өнүктүрүү Комитетинин Төрагалагында биринчи жолу Кыргызстандын жана Тажикстандын Туристтик Бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада Кыргызстандан – Кыргызстандын курортор Ассоциациясы, Кыргыз Туроператорлор Ассоциациясы (КАТО), Кыргызстан Туризм Ассоциациясы, коомчулуктардан негизделген Кыргыз Ассоциациясы (КАТОС), «Kyrgyz Pamir tours», «Шанхай Сити», «Дестинация Ош», «Экодом», «Санрайс», жана Тажикстандан ООО «Олами саехат», ООО «Бозори вору», ООО «Сайри бустон», ТАТО, Лахш, Истаравшан, Мургаб райондорунун, Согди областынын, жана Душанбе шаарынын компанияларынын өкүлдөрү катышкан.

Тараптар туристтик чөйрөсүн тейлеген мамлекеттик органдардын жана туристтик компаниялардын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташуу маселелерин талкуулашкан жана карап чыгышкан. Бизнес-форумдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар болуп өткөн, “В2В” форматында сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн, Кыргызстан менен Тажикстандын компанияларынын ортосунда 15 макулдашуу жана меморандумдарга кол коюлган.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргызстандын жана Тажикстандын кезектеги туристтик Бизнес-форумун өткөрүү, туризм тармагында кызматташуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Келишим долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашуу боюнча макулдашууларга жетишишкен.

Туристтик Бизнес Форумдун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протокол кабыл алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: