Menu

Опумбаев ордунан жылмышат дейби?

Бөлүшүү:

“УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев кызматынан алынат” деген маалыматтар социалдык желелерде айтыла баштады. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи. Болушу да толук мүмкүн. Себеби, Кой-Таштагы окуялардан улам Опумбаевдин жеке жетекчилик жоопкерчилиги коомчулукта сөз болуп, мурдагы президент Атамбаевди кармоо учурунда анын түзгөн пландары алсыз болуп, ал башчылык кылган мекеменин аскерлери элдин колуна түшүп калган. Мындан улам мекемеге катуу сындар айтылган эле.

7-8-августта Кой-Таш жана Арашан айылында болгон окуяларда күч түзүмдөрү элге курал колдонуп, бейкүнөө аялдарга кол көтөргөнү да айтылып, ушул кезде токмок жеген аялдар арыз менен кайрылып, “УКМК башчысы Опумбаев жана ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев дагы кызматынан кетиши керек” деген талаптар менен чыгып жатышканы белгилүү. Окуя болгон күнү УКМК башчысы Опумбаев «биз жалаң гана желим ок атуучу курал менен барганбыз» деп айтып, бирок курал элдин колуна өтүп кеткен учурда «биздин 14 согуштук куралыбыз жок болуп жатат» деген эле. Буга чейин айылдыктардын ушундай эле маанидеги, 1700 кишинин колу коюлган жамааттык кайрылуусу Башкы прокуратурага жөнөтүлүп, арыз боюнча Аскер прокуратурасы иш алып барып жаткан.

Мына ушундай жагдайларды эске алганда УКМКнын башчысы Опумбаевдин ал жердеги “тагдыры” чечилип калган окшойт.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: