43 жаштагы атактуу мушкер спорттон кете турган убагы келгенин кейүү менен айтты:
“Туура, билинбей эле жашым келип калыптыр. Бардыгын түшүнүп турам, жаштарга орун берели”.
Емельяненко коштошуу турун баштайт. Алгач 29-декабрда Жапониянын Сайтам шаарында мушташат. Андан кийин америкалык Куинтон Жексон менен беттешет. Үчүнчүсү жана акыркысы Москвада болуп өтөт.
Фёдор Емельяненко – мушташтын аралашма түрү боюнча жана жоокердик самбо боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону. 10 жыл бою эч кимге жеңилбей келген. 35 утушка ээ болуп, 6 ирет жеңилүү ызасын тарткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ