КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева кечээ ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка чакырылып, беш саат сурак берип чыкканын Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, сурак бүгүн, 10-октябрда да уланат, бирок, анын макамы өзгөртүлүп, ал шектелүүчү катары кармалып, камалып калышы ыктымал.
Эскерте кетсек, 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармоо операциясы болгондо, анын тарапташтары менен күч органдары кагылышып, бир топ адам жаракат алып, бир офицер каза болгон. 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп бергенде, анын жанында Кундуз Жолдубаева болгон. Ал андагы ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов менен алгач сүйлөшкөндөрдүн бири. Атамбаев менен бир машинага түшүп, ИИМге жеткирилген. Ошондой эле КСДПнын мүчөсү, Кой-Таш окуяларына байланыштуу кармалган Алга Кылычов Атамбаевге жана КСДПнын мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө берип жатканы буга чейин айтылган. Кечээ Кундуз Жолдубаева Алга Кылычов менен беттештирилгенин, экөөнүн көрсөтмөлөрүндө карама–каршылык болуп жатканын адвокат Замир Жоошев билдирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ