Menu

Руслан Казакбаевдин тоюнда Сооронбай Жээнбековго каршы түзүлгөн үчилтиктин бет ачары болуп өттү

Бөлүшүү:

Руслан Казакбаевдин уулун үйлөп, элден бата алып берген тою көп сөздүн очогу болду. Ошол тойго барган кечээ эле эки жээкте жүргөн саясатчылардын бир столго олтуруп, сүрөткө түшкөнү, эки жашка берилген ак бата менен чын көңүлдөн айтылган каалоо-тилектерди басып түштү. Кыргыз саясаты тойдун деңгээлине түшүп калганы ачык көрүндү. Ошол тойдогу жолугушуулар кандай саясий таасир калтырарына анализ жүргүзөрдөн мурун, Руслан Казакбаевдин уулу менен келинине бакыт тилейбиз…

Казакбаев дипломатиянын аки-чүкүсүнө чейин мыкты өздөштүргөн, кырдаалды кантип жөнгө салуунун жолун таба алган инсан. Тойго чакырылган адамдар саясий көз карашта кайнаса каны кошулбай тургандар болгону менен, кызыкчылык үчүн кол кармашканга даяр тургандар. Аларга Казакбаев жакшы “сүйлөшчү талааны” жаратып берди.

Эки жашка өкүл ата болгон Өмүрбек Бабанов кайра-кайра сахнага чыгып, биринде ырдаганы менен мурункудай абалда эмес экени байкалды. Ички жан дүйнөсү тынч эмес, корккондугу билинип эле турду. Бирок тойдун сыйлуу адамдары болуп чакырылган адамдар менен кайра-кайра сахнага чыгып жатса дагы саламдашып койбогону, көңүлү бир жерде болбогонунан кабар берет эмеспи.

Абакта жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева көкүрөк күчүгү Кадырды жетелеп тойго барганы да саясаттын эпкини согуп жатканынан кабар берди. Болбосо, ишенген тоосу камалып жатса, баласын жетелеп алып тойго барат беле? Жолдошунан өч алам дегенде эки көзү төрт болгондордун “абалыңар ушундай экен ушул күндү көрмөксүңөр” деген шылдыңдуу көз карашын көргөнгө зар болду дейсиңерби? Кечээ эле бийлик колдо турганда, алдында бөйпөңдөп чуркап жүргөндөрдүн алдында башты төмөн салууну кааладыбы? Эч убакта каалабайт. Эгер Атамбаев тараптан, “Баргының, план бар” деген ишаарат болбогондо Раиса Атамбаева ал тойго барбайт дагы болчу, танцага да түшмөк эмес.

Өмүрбек Текебаев Кадыр Атамбаевди “кичинекей кесиптеш” деп айтканын дагы саясий өңүттөн алганда, “Бир жолдо болуп калышыбыз мүмкүн” деген маани жатат. Кадыр Атамбаев экөө чогуу болгондо гана кесиптеш болот эмеспи. Текебаев-кичинекей Атамбаев-Бабанов үчөө чогуу түшкөн сүрөт тойдун негизги сценарийи болгон деп саясий божомол кылса болот. Бул саясий гана божомол. Тойду 30дан ашык сүрөтчү сүрөткө алып жүргөнүн, журналисттер үстүңкү кабатта кыймыл эткендин баарын карап олтурганын эске алганда, тойдогу “тонкий” саясат менен үчилтик түзүлгөнүн, президент Жээнбековго чоң муштум болуп тийерин көрсөтүштү.

Өмүрбек Текебаевдин иши райондук сотто кайра башынан каралып жаткан учур. Ал киши үчүн сөзсүз акталып чыгуу керек. Акталбаса саясий карьерасы менен кош айтыша берери бышык. Ошон үчүн Жээнбековго “Эгер мени актабасаң, кимдер менен чогуу болорумду көрдүң” деген сигналды ыргытты. Текебаевдин кызыкчылыгы ушунда…

Ортодогу кичинекей Атамбаев аркылуу улуусу “Сени Атамбаев колдоп, президент кылган. Бошотпосоң, эки Өмүрбек менен биригип, сазайыңды бергенге даярбыз” деген сөздү айтты.

Өмүрбек Бабанов “Тил табышканга убакыт бар, мага козголгон кылмыш иштерди кыскартыңыз, токтотуңуз. Болбосо, кимге демөөрчү болгонго даяр экенимди көрдүңөр” деген кызыкчылыгын жылдырды.

Тойдун топуру менен бийликке каршы жаңы үчилтик жаралганын көпчүлүк аңдабаганы менен, саясий жүрүш күчтүү болду. Жээнбековдун бийлиги ушул үчилтикке кандай реакция кыларын күтө турушубуз гана керек.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: