Menu

Айлакер Азикең, Атамбаевге эмнеге боору ооруп жатат?

Бөлүшүү:

“Бульдезор” каймана аты менен таанымал болгон саясатчы Азимбек Бекназаровдун саясаттагы орду баарына эле белгилүү. Эки революциянын негизги локомотиви болгон деп жүрүшөт. Анысында арсар ой деле жок. Мына ушул жагына шык алганы, ык алганы белгилүү эмеспи. Жакында абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу керектиги боюнча оюн билдирди. Буга чейин ал: «Атамбаевди качырып жибербеш керек. Ал 6 жылда бийликти узурпациялап алган. Бийликтен кеткенден кийин дагы Кой-Ташта жатып алып башкаргысы келген. Саясий куугунтуктарды жасаган. Анын кол тийбестик макамын алып, кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек» деген мааниде айтып жүргөнүн баарыбыз эле билебиз. Анан эле кантип ага боору ооруп жатканын түшүнө албай жатабыз. Узун кулактык кылып укканыбызга караганда, революциянын “чебери” Азикең, Кой-Таштагы окуялар болуп жатканда Алмаз акебизге ат чаптырып, “бирдемени кааласаң, акча чыгар, кааласаң кирип кете бер, сууруп чыгабыз” деген имиш. Атамбаев айтканын ат чаптырган Азикеңдин кишисине жеткире албай калыптыр дейт узун кулактар. Алмакеңен майнап чыкпаган соң, Бабановду багалектеп, анын азыркы абалынан пайдаланып, жарасына жармашып Жерүй кенин көтөрүп чыкканы да тар чөйрөдө сөз боло калууда. Кала берсе, капчыктуулардын баары Азикеңе жабышып адвокат кылып, ал киши абалды курчутуп жок дегенде ары кетирбей кармап калган күндөрү көп эле болгонун уккан жайыбыз бар. Бирок, акчасы саман деген Бабанов Бекназаровго бир ирээт чалып койбогону да мүмкүн Азикеңдин тынчын алып койгондур. Атамбаевге эски досу катары боору ооруп жатабы же абалдан пайдаланып айтылган “акчаларды” алалбай жатабы? Ал эми табышмак дегилечи, ошентсе да Азикеңден ар түркүн оюндарды күтсө болот.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: