Мыкты актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган эмгектеринин каталогу чыкмай болду. Ал үчүн бизнесмен Аскар Салымбеков 200 миң сом бөлөрүн кечээ Г.Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде ачылган С.Чокморовдун “Эсимде” аттуу көргөзмөсүндө убада кылды.
“Сүймөнкул агабыз жаштар менен сүйлөшкөндү жакшы көрчү. Мен дене тарбия институнун комсомол комитетинин катчысы болуп жүргөндө, аны эки ирет студенттер менен жолугушууга чакырганбыз. Ал волейбол боюнча Кыргызстан курама командасына киргенин, Москвадагы эл ынтымагы спартакиадасына катышканын, СССР курма командасына кирип калышы мүмкүн экендигин айтып берген. Балким, киного аралашпаса, Советтер Союзунун намысын коргоп, Олимпиада чемпиону болмоктур”, – деди А.Салымбеков. Ушундай эле көргөзмөнү анын Нарын шаарындагы искусство галереясына уюштурууну сунуш кылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ