Menu

Кыргыздын кыздары Сингапурда өтө турган стартаптардын глобалдык конкурсуна катышат

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 17-октябрда SAKTA долбоорунун өкүлдөрү билдиришти.

“Табийгатты сактайлы, адамдарга камкордук кылалы, Кыргызстанды даңазалайлы” – ушундай ураан менен жаш кыздар дүйнөлүк e-commerce рыногун багынткылары келет.

Сентябрда дүйнө жүзү боюнча Startup Weekend Women глобалдык конкурсу башталган. Кыргызстанда конкурсту SAKTA деген долбоор менен чыккан команда утуп алды. Бул экологиялык жактан эң таза, нукура материалдардан жасалган кыргыз кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын саткан онлайн-дүкөнү.

Алар чыгарган продукция АКШ менен Канада рыногуна багытталган. SAKTAдан сатып алсаңыз, сиздин акчанын 5%ы алыскы региондордогу балдар-кыздарды үйрөтүүгө чогултулат.

“Биз алыскы өлкөлөргө жумуш издеп барбай эле, өз үйүбүздө иштеп акча тапкыбыз келет. Чеберчилигибизди өркүндөтүп, башкаларды үйрөтсөк дейбиз” , – дешет команданын катышуучулары.

SAKTA командасынын кыялы – Жер шарынын ар бир бурчунда кыргыздардын өзгөчө маданиятынын кичинекей үзүндүсү сакталса дешет!

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: