Menu

Жаш саясатчылардын көрүнүктүүлөрү кызматтарга тартылууда

Бөлүшүү:

Мурдагы бийликке сын айтып жүрүшкөн Эдил Байсалов, Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков, Тимур Саралаев өңдүү жаш саясатчыларга майлуу-сүттүү кызматтардан ыроолонору күтүлүп келген (кокус бир айга чейин мамлекеттик кызматтардан орун алышпаса, анда эле…). Болжонгондой эле Мавлян мырза Биринчи Май районуна акимдин орун басары болду. Эске салсак, президент Жээнбеков жай аптабында кырк чакты активисттер менен бейөкмөтчүлөрдү кабыл алып, кызматташуу боюнча баарлашкан. Алардын көрүнүктүүлөрү эми кызматка тартыла башташса, оппозициялык жээк алсырап калабы? «Түгөнгөн сайын түтөгөн» деген кеп кыргыздарга бап келет эмеспи. Эдил, Адил, Мавляндар убактылуу чегинишсе, башкалары чыгышат. Негизи оппозициялык кыйкырыктар коомчулукта болуп турбаса, бийликтин алдыга жылышы болмок беле? Ансыз да кадр саясаты аксап, артка кетип атсак.

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: