Кыргыз тилинен тест тапшырууга Бишкек шаарынын мэри Азис Суракматовдун мойну жар бербей калыптыр. Буга чейин кыргыз тилинен тест тапшырам дегенди айтып жооткотуп жаткандай болгон. Эми эшеги ылайдан өткөн соң: «Кыргызтестти тапшыруу милдеттүү эмес экен» – дегенди айтып кыйшалаңдап: «Мен камера алдында экзамен бергем, шаардыктар менен кыргыз тилинде баарлашканга кудуретим жетет» – деп, көп эле башымды оорута бербегиле дегендей кол шилтеп койду. Мына сага. Бул деген элин, мамлекеттик тилди сыйлабастыкты билдирет да. Ушунун өзү эле кыргыз мамлекетинде кыргыз тилине болгон урмат-сыйдын жоктугун кашкайтып көрсөтүп турат.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ