Бүгүн, 1-сентябрга карата өлкөдө сутка ичинде коронавирустан бир адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгон маркум Бишкек шаарынын тургуну.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери каза болгондордун жалпы саны 1060.
Бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 43958 адамга жетти. Өткөн суткада 190 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Жалпы бүгүнкү күндө 38 миң 649 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ