Menu

Кош жарандыгы бар депуттар канча?

Бөлүшүү:

Бизде кош жарандуулугу бар депутат же жогорку кызматтагы чиновниктер тууралуу эл арасында алгач имиш имиш сөздөр жүрөт. Бирок алардын башка өлкөнүн жараны экендиги кылмыш иши козголгондо гана билинет. Алсак, “Кыргызстан” партиясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экендиги ал ушул мамлекетте ири өлчөмдөгү аткезчилик иштерди жасаганда кармалган соң гана ачыкка чыкты. Ал эми учурда коррупциялык иштери үчүн камакта жаткан Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов да Россиянин жараны экендиги, Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алгандыгы белгилүү болду. Өткөн жумада Акыйкатчыны шайлоо учурунда депутат Бахадыр Сулайманов “Казакстандын жараны экендигин” өзү жар салып, бир кезде мындай маалымат айткан Акыйкатчы Токон Мамытовду алка-жакадан алды. Мындан ары Кыргызстанда кош жарандыгын ашырган мамлекеттик кызматкер же депутат кылмыш жоопкерчилигине тартылып, ири суммада айып пул төлөрү мүмкүн. Буга байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде жактырылып, коомдун талкуусуна коюлмай болду. Буга чейин башка өлкөнүн жараны экени кокустан аныкталган учурда эн чон жаза катары кызматтан алынып же мандатынан гана ажыраган. Демилгечилердин бири, депутат Дастан Бекешов муну 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоого чейин кабыл алыш керектигин, «бул талапкерлердин кош жарандуулугун алдын ала текшерүү үчүн маанилүү” деп негиздеди. Бул саясий кызматта иштегендерге тиешелүү, жөнөкөй жарандарга тиешеси жок. Эгер жарандыгына байланыштуу жалган маалымат бергени аныкталса, 250 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып төлөшөт. Бул жерде кишилерди абакка отургузуш эмес, алдын алуу чаралары болуп эсептелет. Кыргызстан эч бир өлкө менен кош жарандуулук боюнча келишим түзгөн эмес. Мыйзам боюнча чет өлкөнүн жараны депутат, министр, күч органдарынын кызматкери жана муниципалдык кызматтын жетекчиси боло албайт. Тилекке каршы бизде “карышкыр кой кайтаргандай” башка өлкөнүн жарандыгын да алып, депутат болуп же чоң кызматты ээлеп, ичип-жеп, былыгы ашкереленсе качып кетүү өнөкөт болуп калды.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: