Menu

Төрага Дастанбек Жумабеков Литвага расмий иш сапар менен барды. Делегациянын курамында ким бар?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-октябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Литва Республикасына расмий иш сапар менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар өтөөрү мерчемделген. Тагыраагы, Төрага Дастанбек Жумабеков Литва парламентинин Төрагасы Викторас Пранцкетис жана тышкы иштер министри Линас Линкявичюс менен жолугушат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясы Литва мамлекетине Латвия Республикасындагы расмий иш сапардан соң барды. Ал эми делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: