Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңешти жыйын болуп, депуттар өкмөткө өз сунуштарын айтууда. Сөз алган депутат Ирина Карамушкина (КСДП) балдардын операциялары үчүн акчалай жардам чогултуу жөнүндө кеп козгоду.
“Уюлдук компаниялар менен бирдиктүү телефон уюштуруп койсо болбойбу? Мисалы, чалуунун бир мүнөтү 75 сом болот. Ошондо акча каражаттар бир жерде чогулуп, Саламаттыкты сактоо министрлиги тийиштүү жактарга бөлүштүрүп турат эле. Балдар үчүн! Бардыгына жардам бере албайбыз. Бирок кичине акыл калчап көрсө болот да”, – деди ал өкмөт өкүлүнө кайрылып. Калган убактысын мурдагы президент А.Атамбаевге арнап, ал боюнча сот иши эмнеге жабык мүнөздө болуп жатканын сурады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ