Menu

Парламенттик шайлоого коюлуп жаткан чектөө үчүнчү революцияга алып келеби?

Бөлүшүү:

Бир жылдан кийин боло турган Жогорку Кеңешке шайлоо азыртан эле көпчүлүк депутат болчумун дегендердин түн уйкусун бузууда. Анткени анда партиялар үчүн аймактардан 9%дан кем эмес добуш алуу чеги коюлууда.

Мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулунун айтуусунда, Парламенттик шайлоого коюлуп жаткан 9 пайыздык босого чек Кыргызстанда үчүнчү революцияга алып келиши мүмкүн.

“Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоого карата сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы партияларга коюлуп жаткан шарт өтө татаал. 9 пайыздык босого чек жана 5 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсү менен 2020-жылдагы парламентке акчасы жок партиялар келе албайт. Бул өз кезегинде коомчулуктун толкундоосуна алып келет. Ансыз деле учурда элде депутаттарга болгон нааразычылык чоң”,- деди Бакир уулу.

Бул көптү көргөн, саясатта такшалып бүткөн, беш маал намаз окуган, эң негизгиси, элге аралашып жүргөн такыба мусулман да жөн айтпайт эле…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: