Menu

Миллиард долларыңыз болсо, кайда катмаксыз?

Бөлүшүү:

«Economist» журналы «Миллиард долларды кайда катса болот?» деген суроого жооп издеген. «Сиз миллиардды уурдап алдыңыз дейли, өлкөңүз жакыр, мыйзамдары иштебейт, полиция, соттор сатылат, анан эле сиз миллиард долларды ошол өлкөдөн уурдап алдыңыз, эми аны кайда катасыз? Себеби азыр дүйнө клептократтарды жек көрөт. Мурда өлкөсүн тоногондорго коомчулук маани берчү эмес. Маселен, Конго Демократиялык Республикасын Мобуту Сесе Секо башкарып турганда ал хан сарайында жылына 10 миң шише кызгылтым шампан ичип, жыргап-куунап жашап, өлкөсү экономикалык комада жаткан эле. Ага өз эли да, дүйнө коомчулугу да көңүл бурчу эмес. Ал тургай өлкөсүн тоногондорду Швейцариянын банктары кош колдоп тосуп алчу. Акыркы жылдары Батыш өлкөлөрү коррупция менен байыгандарга далысын салууда. Быйыл АКШнын Юстиция министрлиги Мозамбиктин мурдагы финансы министрине иш козгоп, анын Швейцариядагы 2 миллиард долларлык эсеби камакка коюлду. Американын прокурорлору мындай акча уурдагандардын сары изине сая түштү», — деген басылма эми чындап эле миллиард долларды кантип катса болот деген суроого бир нече кеңеш берген.

«Биринчиден, социалдык медиага кымбат-баалуу кийим-кече же машине менен мактанып, сүрөт-видео койбош керек. Экинчиден, кымбат баалуу нерсени сатып алуудан оолак болуу абзел. Маселен, нигериялык ишкер Колаволе Аканни Алуко 80 миллион долларга яхта сатып алып, аны Жей Зет менен Бейонско аптасына 900 миң доллардан ижарага берип, иликтөөчүлөрдүн кылтагына илинген. Үчүнчүдөн, кыйын кезеңге деп накталай акча ала жүрүш керек. Экватордук Гвинеянын мурунку лидери Масиас Нгуэма өлкө казынасындагы акчаны бакчасындагы бамбук алачыкка сактачу. Жамгыр жаап, бамбукту суу каптап, акчасынан кол жууган. Дагы бир жолу кымырып алган байлыкты Батыштын бийлигине «мамлекеттик» деп кутулса болот же Свазиленддин падышасындай өлкөнүн болгон байлыгын өзүнө менчиктештирип, бийликти монархиялап алган оң», — деп сунуш кылат басылма.

Ушул «Economist» журналы кыргыз чиновниктерине суроо салса, кандай жооп болоор эле деп ойлойсуз? Биздеги байлардын “табити” да ар кандай эмеспи! Бири акчасын Лондонго катса, экинчиси Швейцария банкына салганды жактырат. Дагы бири океандан ары алып кеткенди ойлойт. Анан А. Атамбаев — Түркияны жактырса, Ө. Бабанов Россияны самайт…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: