Menu

Жээнбеков буга чейинки ажолор басып барбаган Кетмен-Төбө жергесине барды

Бөлүшүү:

Өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапары менен барып, жолугушууну Кетмен-Төбөдөн, азыркы Токтогул районунун жашоочуларынан баштады. Жолугушууда Мамлекет башчысы президенттикке талапкер кезинде бир катар убадаларды берип, алардын катарында аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурганын эске салды. Андагы берилген убадалар азыр бир чекеден ишке ашырыла баштаганына кеңири токтолду.

«Региондорду өнүктүрүү зарылдыгы – элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, элди иш менен камсыз кылуу аркылуу миграциянын агымын токтотуу зарылдыгынан келип чыкты. Буга чейин мамлекеттин экономикалык саясаты аймактарды өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп келди. Бюджет, салык, акча, кредит саясаттары региондордун өзгөчөлүгүн эске алган жок. Ошонун айынан ички миграция күчөдү. Ошол үчүн кайра-кайра регион деп айтып, бул маселеге өзгөчө көңүл буруп жатам» деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөдөгү аймактарды өнүктүрүү маселесин санариптештирүү процесси менен шайкеш ишке ашыруу керектигине кеңири токтолуп, ички жана тышкы миграцияны азайтуу, ишкердикти колдоо, элди жумушчу орундар менен камсыз кылуу, элет жеринде жашаган адамдарлын жашоо турмушту жакшыртуу, бюджет менен салык саясатын аймактарга буруу аркылуу элетти өнүктүрүү үчүн шарт түзүү керектигин баса белгиледи.

Кудайдын кулагы сүйүнсүн демекчи, айыл чарба продукциясын кайра иштеткен жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Экинчиси, ротациялуу аймактарда ачылган, экспортко багытталган ишканалар 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынчу салыктардан бошотулду. Үчүнчүсү, МТС, соода-логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери учүн жеңилдетилген салык режими киргизилди. Төртүнчүсү, технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасын төлөбөй калышты. Бешинчиси, продукцияларды сертификаттоо боюнча жаны лабораториялар курулду.

Президент өткөн жылы РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 млрд. сомдон ашык кредит жана гарантия берилгенин айтып, 2019-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча 18,9 млрд. сомдон ашык каражаттар таратылганын, долбоорлордун 80 пайызы аймактардагы ишкерлердин демилгесин колдоого багытталганын айтты. Мындан тышкары, ФСХ-6 программасы боюнча 11 коммерциялык банк тарабынан жалпы суммасы 5,5 млрд. сомдук 11 миңден ашык айыл чарба насыялары таратылып, ФСХ-7 программасы боюнча 5 млрд. сомго жакын 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилиптир.

Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагына токтолуп, Токтогул ГЭСин акыркы 40 жылдын ичинде болбогон реконструкция иштери жүргүзүлүп жатканын, 2023-жылга чейин гидроагрегаттарды алмаштыруу боюнча иштер аяктап, натыйжада анын кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөрүн айтты. Токтогул ГЭСинен үнөмдөлгөн каражаттар Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоого жумшаларын, учурда Камбар-Ата ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү боюнча иштер жүрүп жатканын да билдирди. Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча иштер уланып, Камбар-Ата-1 жана Жогорку-Нарын ГЭСтердин каскадын куруу үчүн инвесторлорду тартуу жана САSА 1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруу иштери жүрүп жатыптыр.

Өлкө жетекчиси алар менен катар учурда ишке ашырылып жаткан сот-укуктук реформасы, коррупцияга каршы күрөш, тышкы саясаттагы жетишкендиктер, саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу өзгөчө көңул бурулуп жаткан багыттар боюнча дагы маалымат берип, убадалангандай, мугалимдердин айлыгы ушул жылдын октябрынан тартып 30 пайызга көбөйтүлгөнүн айтып өттү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам факторунун жоюлушуна, бюрократиянын азайышына, коррупциялык элементтерди жокко чыгарууга багытталган долбоорлор – «Түндүк» электрондук системасы, «Санарип аймак» санариптик платформасы, «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы» долбоорлоруна кеңири токтолду.

Жолугушуу суроо-жооп форматында улантылып, элеттиктер бир топ көйгөйлуү маселелерин айтканга жетишти. Президент менен жолугушуу жемиштүү болгонун канааттануу менен айткан жергиликтүү тургундар чейрек кылымдан бери биринчи ирет президент келгенине кубанып турушту. Көрсө, акыркы 20 жылдан бери Токтогулга Президенттердин буту басып барган эмес экен, муну кетментөбөлүктөр жакшылыкка жооруп, ажого чексиз ыраазычылык билдиришти.

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: