Menu

Камчыбек Ташиев, экс-депутат: “Парламенттик шайлоодогу 9% босого өзгөртүлбөй калтырылсын, саясий атаандаштыкта күч сынашалы, эл чечсин”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-октябрда КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык тармактардын бириндеги баракчасына пост жазып, 2020-жылы 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоодо 9% босогону өзгөртпөй калтырууга, саясый атаандаштыкта күч сынашууга чакырды:

“Урматтуу шайлоочулар!
Менден жаңы шайлоо мыйзамы-кодекси тууралуу өтө көп сурап жатышат, мен өзүмдүн жеке оюмду билдирип коюну туура таптым.
Ооба, 2020 жылы боло турган парламенттик шайлоонун өтүү босогосу 9% болуп белгиленген, азыркы маалда ошол босогону ылдыйга түшүрөлү деп айтып жүргөн саясатчылар ушул норма кабыл алынганда унчугушкан эмес, көпчүлүгү парламенте олтурушкан, эми гана айта башташты, демек ошол маалда Атамбаевдин инициативасына каршы чыгууга эрктери жеткен эмес.
Жеке мен 9% босогонун калуусун каалайт элем, саясий атаандаштыкта күч сынашалы, эл чечсин кайсыл адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырууга болот экенин, АЛЛАХым буюруса элдин колдоосу менен парламенттке өтүп келебиз!”

Камчыбек Ташиев, экс-депутат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: