Биздин баскетболдо болуп көрбөгөндөй окуя болду: Баскетбол федерациясынын президенти Бахтияр Кадыров “Гинес-юниор” (Бишкек) командасына машыктыруучу болуп олтурат. Негизинен жетекчилер уюштуруу маселесин карап, демөөрчү издеп, мамлекетке кайрылып, машыктыруучуларды көзөмөлдөйт эмеспи. Бирок Бахтияр мырза өзү жаштарды машыктырууга белсенген. Ал өзүнүн VB.KG сайтына берген маегинде жаштар менен иштегенди абдан жакшы көрөрүн, ошондуктан эки милдетти чогуу аркалай баштагынын, азыр баскетболдо жакшы жылыштар болуп жатканын айткан. Бирок бизде спорт тармагы финансылык жардамга абдан муктаж экендигин да баса белгилеген. Баскетболго кайдыгер эмес бизнесмендер жашыруун жардам беришерин, бирок ал жардамды ачыкка чыгарбоону суранышаарын, уюшкан кылмыштуу топтордон коркушарын ачык айтып берген.
Булак: VB.KG
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ