Menu

Айсулуу Мамашева ачыкталбаган фирмалары жөнүндө айтып берди

Бөлүшүү:

Депутат Айсулуу Мамашева төрт фирманын жетекчиси да, ээси да болуп чыкты, ал эми мыйзам боюнча депутат бизнес менен алектенгенине тыюу салынат.

Мурда еconomist.kg порталы ачык булактардан депутат айым беш фирмага ээ болгонун жазып чыккан, ал эми Айсулуу Мамашева декларациясына экөөсүн гана көрсөткөн. osoo.kg порталынын маалыматына ылайык, депутат айым беш фирмада катталып жүрөт:

  • ОсОО “Aisu-Lu” (Айсу-Лу). 2009-жылы негизделген, товарлардын кеңири түрүн дүңүнөн сатуу менен алектенет. Кош ээлери – Лю Ин жана Айсулуу Мамашева, директору – А.Мамашева.
  • ОсОО “KIT-Travel”. 2006-жылы негизделген, аба транспорту менен алектенет. Кош ээлери – Айсулуу Мамашева жана Деңиз Орхан. Директору – Деңиз Орхан.
  • ОсОО “DASNUR” . 2000-жылы негизделген, Кош ээлери – Айсулуу Мамашева жана Замирбек Алымкулов. Директору – Замирбек Алымкулов.
  • ОсОО “AQUAPARK DASMIA”. 2009-жылы негизделген, эс алуу жана оюн-зоок уюуштуруу менен алектенет. Кош ээлери – Айсулуу Мамашева, Лел Озер жана Оздемир Турхан. Директору – Оздемир Турхан.
  • “Дасмия Авиэйшн” орус-кыргыз биргелешкен ишканасы. 2013-жылы негизделген, оор жүктөрдү аба аркылуу ташуу менен алектенет. Кош ээлери Петр Макеев жана “Дасмия” ЖЧКсы (ээси – Айсулуу Мамашеванын атасы). Директору – Айсулуу Мамашева.

“Декларатор” долбоорунун маалыматына ылайык депутат айым өзүнүн декларациясында бардык фирмаларын көрөсткөн эмес. 2015-16-жылдары фирмалар көрсөтүлбөгөн, 2017-жылы ишеним кагазы менен башкарылган эки фирма көрсөтүлгөн, 2018-жылдагы декларация ачыкка чыга элек.

osoo.kg порталынын маалыматына ылайык, “Aisu-Lu” жана “AQUAPARK DASMIA” фирмаларынын каражат айлануусу жок. “KIT-Travel” жана “DASNUR” фирмаларынын идентификациялык номурлары порталда да, Юстиция министрлигинин базасында да көрсөтүлгөн эмес, ошондуктан канча салык төккөндөрү чагылдырылбай калган. “Дасмия Авиэйшн” ЖЧКсы 2011-жылдан бери 300 сом төлөгөн.

Айсулуу Мамашеванын айтымында, бул фирмаларды көрсөткөн, бирок эмнеге чагылдырылбай калганын өзү да билбестигин айтты. Бул компаниялар чет элдик каржылоого үмүт артып, бирок инвестиция тартууга мүмкүн болбогонун белгилейт. Депутат болгондо, фирмаларды жаап салууну чечкен, бирок жабуу процедуралары бир нече жылга созулуп кеткен.

“Бул фирмалар кагазда гана бар, эч кандай киреше алып келген эмес. Жабуу процесси татаал экен, көптөгөн мекемелерге барып, толтура документ чогултуш керек. Эки фирма жабылган, азыр үчөө калды”, – дейт депутат айым.

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, парламент депутаттарынын 73%ы бизнес менен байланышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: