Menu

ТИМ башчысы Дүйнөлүк каратэ уюмунун президенти менен жолукту. Тараптар Кыргызстанда каратэни популяризациялоо жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Шинкиокушинкай» Дүйнөлүк каратэ уюмунун президенти  Кенджи Мидори мырза менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстанда каратэни популяризациялоо жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Япон тарабы бул максатта Кыргыз Республикасында биргелешкен машыгуулар, чемпионаттар ж.б. ушул сыяктуу бир катар иш-чараларды уюштуруу актуалдуу болмок деген пикирин билдирди.

Министр Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасынын кызыкдар түзүмдөрү менен биргеликте бул маселени иштеп чыгууга даярдыгын билдирди.

Тараптар талкууланган маселелер боюнча консультацияларды улантууга макулдашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: