Бишкек ЖЭБин модернизациялоо кылмыш иши боюнча сотто Алексей Ширшов менен Алексей Елисеевдин көрсөтмөлөрү окула тургандыгына башкы прокуратура түшүндүрмө берип олтурат. Бул боюнча экс-премьер-минитср Сапар Исакаовдун жактоочусу Замир Жоошов “бийлик далил таба албай, аталган кишилердин көрсөтмөсүнө таянып жатат” деп чыккан. Башкы прокуратура бул эки күбөнү кармоого мүмкүн болбогонун түшүндүрүп, бирок Латвиянын тергөөчүлөрү сурак жүргүзгөнүнө макул болушуп, көрсөтмө алышканын, ал сот ишине маанилүү экенин билдиришти. Ошондой эле учурунда Алексей Елисеев, Сапар Исаков жана Айбек Калиев Максим Бакиев башында турган Өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикте (орусча – ЦАРИИде) иштегендерин, А.Калиев эксперт, ал эми С.Исаков жетекчилик кызматта болгонун келтиришти. Ошондой эле жактаган тарап башында аталган агенттикте кызмат өтөгөн Учкун Ташбаев жана Игорь Чудиновдун, жогоруда аталган күбөлөрдүн сурак беришине каршы болбогонун келтиришти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ