Menu

Өкмөт: Ундун наркы эки эсе кымбаттаганы жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбейт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаеванын  ундун наркы эки эсе жогорулаганы жөнүндө айткандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирет:

2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сомду түзгөн.

Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 28,1 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде биринчи сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 18,4% га жогорулады.

2018-жылдын октябрь айында республика боюнча 2-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 17,7 сомду түзгөн.

Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча экинчи сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 20,3 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде 2-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 14,8% га жогорулады.

Баага карата жүргүзүлгөн анализ ундун чекене баасы эки эсе жогорулады деген маалымат чындыкка дал келбешин күбөлөндүрөт.

 

№ 1 таблица.

 

Республиканын аймактарындагы ар кандай сорттогу 1 кап ундун баасы

Аймак Жогорку сорттогу ун

 (50 кг/сом)

1-сорттогу ун

(50 кг/сом)

2-сорттогу ун

(50 кг/сом)

Чүй облусу 1800 1450 1000
Нарын облусу 1700 1500 1000
Ысык-Көл облусу 1800 1200 1050
Талас облусу 1500 1400 1200
Ош облусу 2000 1450 1200
Жалал-Абад облусу 1750 1600 1350
Баткен обласу 2000 1650 1200

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: