Menu

Алексей Елисеев: “Менин көрсөтмөмдү Сапар Исаковго каршы пайдаланганы жатышат”

Бөлүшүү:

Бул тууралуу Максим Бакиевдин оң колу болгон Алексей Елисеев 27-октябрда өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты. Өткөн аптада С.Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев Бишкек ЖЭБди модернизация иши боюнча Алексей Ширшов менен Алексей Елисеевдин көрсөтмөлөрү сотто окула тургандыгын айткан.

А.Елисеев латыш тергөөчүсүнө сурак берип, өз билгенин айтып берген. Ал эми Сапар Исаков боюнча буларды жазыптыр:

“2018-жылдын августунда мен чындап эле Латвиянын коррупцияга каршы бюросуна сурак бергем. Мен эч качан кыргыз бийлиги менен процессуалдык маселелер боюнча сүйлөшүүдөн качкан эмесмин. Мага ким гана суроо менен кайрылбасын, жооп бергенге даярмын. ММКлар жалган маалымат тараткандан качышса болот эле. Менин дарегиме коюлган айыптар жүйөөсүз. Менин сыртыман чыгарылган өкүмдөр да шоона эшпейт. Бул боюнча көп эле айтып, БУУнун адам укугу боюнча комитетине да арыздангам.

Мен эч качан айыпталуучу же соттолгон киши катары болгон эмесмин. Мыйзамга ылайык, мен сөзсүз сурак беришим керек эле. Эки өлкөнүн келишимине таянып, мага сурак жүргүзүшкөн. Бирок коюлган айып угузулган жок. Мен күбө катары гана сурак бердим. Менин Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикте (ЦАРИИ) иштегеним жана энергетикалык долбоорлор боюнча Кытай тарап менен болгон сүйлөшүүлөргө абдан кызыгышты. Мен бардык суроолорго жооп бердим, менде болгон документациялардын бардыгын өткөрдүм. Кытайлык TBEA компаниясы менен болгон сүйлөшүүлөрдө коррупциялык сунуштар менен да кезигишкенимди да айттым. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо 150 млн доллардан ашык суммага сүйлөшүлүп жаткан. Бул боюнча менде мамлекеттик сыр болгон документтер бар эле, кыргыз бийлиги ошону менден аябай сурап келишкен. Бирок аларды бергеним жок. Эми ал көрсөтмөмдү Сапар Исаковго каршы пайлалангылары келип жатыптыр. Мен расмий билдирип коеюн, коррупциялык сунуштар жөнүндө С.Исаков билиши мүмкүн эмес эле. Ал болгону протоколодор менен алектенген гана бала болчу”.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: