Menu

Тажикстан президенти 20 миң кишиге мунапыс жарыялады

Бөлүшүү:

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 20 миңден ашуун адамга мунапыс жарыялаган мыйзамга кол койду.

Өлкөдө 6-ноябрда белгилене турган Баш мыйзамдын 25 жылдыгына арналган мунапыстын мыйзам долбоору он күн мурда парламентке киргизилген.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, кабыл алынган мыйзамга ылайык мамлекеттик органдар эки ай ичинде мунапысты ишке ашырып, президентке отчет тапшырышы керек.

Расмий маалыматка ылайык, мунапыс оор эмес кылмыш үчүн абакта отурган, ушул тапта иши сотто каралып жаткан 20 миңден ашуун адамга жарыяланат. Учурда коомдук аткарууга милдеттендирилген 4,5 миң киши да жеңилдик алат.

Башкы прокурор Юсуф Рахмон мындан тышкары түрмөдө 12 жылдан ашык жаза өтөгөн аялдар, ошондой эле өспүрүмдөр мунапыска туш болорун билдирди.

– Мыйзамга ылайык абактарда отурган 300 аялдын 165и, ошондой эле тарбиялоочу жайлардагы 75 өспүрүмдүн 58си бошотулат, – деди Юсуф Рахмон.

Буга кошумча жашы 55тен өткөн эркектер, майыптар, оорукчандар, өлкөдө жана чет жакта согушка катышкандар менен Чернобыль алааматынан жабыр тарткандарга мунапыс берилет. 9 миңге жакын кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат.

Анткен менен тажик абактарында кылмыш иштерге айыпталып, бирок, күнөөнү моюнга албай отурган саясий туткундар мунапыска илинбейт.

Мындан тышкары өмүрү өткүчө абакка кесилгендер, экстремизм жана терроризмге айыпталгандар, мурда мунапыска илинип абактан чыгып, кайра кылмышка баргандарга жеңилдик берилбейт.

Акыркы жолу мунапыс 2016-жылы берилип, анда 12 миң адам жеңилдик алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: