Иллюстрациялык сүрөт.
Ош ооруканасынын короосунан болжол менен бир жарым айдан бери жаткан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Ош облус аралык биргелешкен ооруканасынын короосунан бир жарым ай убакыттан бери жаткан 35-40 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Аны эч ким байкаган эмес. Бул окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ