Menu

Нарынбек Молдобаев, коомдук ишмер: “Эл жаман көргөнү чын, бирок канча жаман көрсө да, баары бир бардык нерсени саясат башкарат”

Бөлүшүү:

Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы – деген чын экен

– Апам Нарын шаарында автобазада бухгалтер болуп иштечү экен. Мен төрөлгөндө эле баккан апам Анипа мени асырап алган экен. Апам атымды Таабалды деп койсомбу деп жатканда ошол кезде автобазанын жетекчиси Нарын шаарынын эле атын берип койбойсуңбу деген сунушун айтат. Ошентип Нарынбек болуп калыптырмын. Бир туугандарым жок. Анипа апам баласынан артык көрүп тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай баккан. Ал киши бала тапкандыкы эмес, баккандыкы деген сөздү далилдеп койгон. Чоңойтуп Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектепке киргизген. Мен мектепти окуп бүтүп, армияга кызмат өтөгөнү Казакстанга кеттим. Аскер кызматым аяктаган соң Казань университетинин тарых-философия факультетине тапшырдым. Бала кезден китепке жакын чоңойдум. Кесибимди жактырып, сүйүп окудум. Себеби кичинемден тарыхка, адабиятка кызыкчумун. Бүгүнкү күнгө чейин китепсиз тура албайм. Болгон классик акын-жазуучулардын чыгармаларын окуп бүткөм десем жаңылбайм.

Кудай мындай жашты ар бир адамга эле бере бербейт

– Юрий Бондарев деген орустун жазуучусунун айтканы бар: “Кубаныч менен көңүлүң менен жумушка барып кайра кечинде көңүлүң менен кубаныч менен үйүңө келсең ушул бакыт” деген. Ар бир адам эле бакытты баалай билбейт деп ойлойм. Мен үчүн бакыт – бул эртең менен алты саның аман ойгонсоң, балдарың курчап турса ушул бакыт. Артыбызды карасак 365 күндүн 20 гана күнү эске калат экен. Бакытты кээ бири бийликтен, байлыктан издешет. Бул бирок туура эмес. Мен мисалы 70 жашка чукулдап калдым демек улгайган адамдардын катарына кирем. Кудай бул жашты ар бирине эле бере бербейт. Ушул жашка келип, улгайган адам болгонум үчүн бактылуумун.

Кесибим менен бир да күн иштеген жокмун

-Көп адам бул турмушта өз ордун туура таба албай кыйналат. Мен мисалы кесибим менен бир да күн иштеген жокмун. Совет доорунда советтик партиянын иштеринде иштеп жүрдүм. Кийин бизнеске кеттим, азыр болсо курулуш тармагындамын. Курулуш тармагында азыр мен өзүмдү кенен, эркин сезем.

Досчулукту кыя албай турсаң сенин саясатың жүрбөй калат 

– Саясат тууралуу Черчилдин бир сөзү бар: “саясат бул абдан ыпылас, ылай нерсе, бирок ошол ылайга күндө оонагым келет” деген. Анын сыңарындай менин түшүнүгүмдө саясат деген бул бал. Бирок ууланган бал. Бир жолу даамын татсаң, денеңе тарап кетет экен дагы, денеңде орун алып калат экен. Баңги зат сымал дагы татышыңды талап кылып тура берет. Чыгарыш кыйын болуп калат. Туура, саясатчыларды эл жактыра бербейт. Бирок саясатчыларсыз саясат өзү жүрбөйт да. Бүгүнкү достор эртеси кас болуп калган көрүнүштү биз кыргызга гана тиешелүүдөй сезебиз. Жок, жалпы эле саясатта ошондой. Мисалы Черчиль 14 кызматта иштеген. Анын ичинен улам бир партияга кирип жүрүп 2-3 партияда иштеп койгон. Ушинтип иштеп дүйнөгө аты чыккан акылман саясатчы катары тарыхта калды. Мындай көрүнүштөр тарыхта көп. Бүгүн дос эртең кас болуу көрүнүшү да мыйзам ченемдүү нерсе. Анткени досуңдун оюу эртең өзгөрүп же эртең душманың сенин оюңду кубатташы мүмкүн. Көз караш өзгөрүп турат эмеспи. Досчулукту кыя албай турсаң сенин саясатың жүрбөй калат. Саясатта дос жок жөн гана кызыкчылыктар болот. Эл жаман көргөнү чын бирок бардык нерсени саясат башкарат.

Мурда конокту үйгө чакырып кутту үйгө алып калчу элек

– Ата бабадан келаткан салт-санааны унутпаш керек. Кыргыздар жакшылык жамандыктарда эл менен болот. Мен да көп конокко барам. Кыш койгон кышын алат, таш койгон ташын алат дегендей кайра жооп кылып чакырышың керек. Канча көп барсаң ошончо чакырышың керек болот. Биздин каныбызга сиңген конокко барганды дагы, тосконду дагы жактырабыз. Мурда конокту үйгө чакырып кутту үйгө алып калчу элек. Азыр коноктун баарын кафе-ресторандарда тозуп куттун бардыгын ошол жака таштап коюп жатабыз. Ошондуктан кафе-ресторандар абдан өнүгүп, ал эми үйүбүз киши кирбей ээнсиреп калгандай.

Акчага кул болгондорду мен түшүнө албайм, мен аларды жек көрөм

– Демократиянын кесепети ушул экен акча биринчи орунга чыкты. Адамдар бири бирине атаандашып жашаган заманга келдик. Тилекке каршы акча үчүн атын, абийирин, жерин саткан учурлар болуп жатат. Акчага адам эмес, акча бизге кул болуш керек. Акчага кул болгондорду мен түшүнө албайм, жек көрөм. Мындан да кыйын заман болгон. Ошол учурда да, согуш мезгилинде да адамдар адамдык сапатын кетирген эмес. Патриоттук сезимди ойготкон идеология керек. Байкап калам жаштардын арасында патриот жигит кыздарга куру эмеспиз. Улуу муун колдон келген жардамын кичүүлөргө бериши керек. Мен да акыл насаатымды айтып андан тышкары материалдык колдоо көп кылып жүрөм. Чыгармачыл адамдарга кол сунган учурларым көп. Жаш ырчы Гүлжигит Калыковду 9-класста окуп жүргөн кезинде бир кафеде иштечү экен, көрүп талантын баалап, чыгармачылыгынын өсүшүнө жардам бердим. Кийин президентке чейин алып кирдим. Аскар Салымбековго да киргизип тааныштырып койдум. Кубат Оторбаев дагы Түркияга фестивалга баруусуна колдоо көрсөтүп жүрдү. Азыр Гүлжигит мыкты ырчылардын бири десем жаңылышпайм. Таланттарды колдош керек.

Кары адамдар өткөнү, жаштар келечеги менен жашайт

– Атайын план түзүп, аны кагазга жазып иш кылбайм. Жөн гана жети өлчөп бир кесип иш кылган адаммын. Турмуш көп жолу жаңылтты, көп жолу жыкты. Ошондуктан кылдат иш кылганга өткөм. Күндөлүк жазбайм. Жакшы сөз бар кары адам өткөнү менен жаштар келечеги менен жашайт деген. Мен да өткөн күндөрүмдү көп эстейм. Ал күндөрүмө конок болуп жашаганды жактырам. Ошол күндөрүмдү эскерип китеп жазгам. Ал китеп менин жашоомду ачып берет. Мага негизи жаз мезгили жагат. Кыштан аман эсен чыктык деп жаздын абасына кере-кере дем алган жагат. Жерден жаңы башын көтөргөн чөптөр, байчечекей тирүүлүктүн уландысы бар экенин айтып турат. Бул учур бүтпөсө деп ойлоно берем. Бирок тез эле өтүп кетет.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: