Орусиянын Коргоо министрлиги Сирияда «Ислам мамлекети» террордук уюмунун лидери Абу Бакр аль-Багдади өлтүрүлгөндүгү тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын билдирүүсүнө ишенбейт. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттигине мекеменин расмий өкүлү Игорь Конашенков билдирди.
Анын айтымында, Коргоо министрлигинде аль-Багдадини өлтүрүү операциясына орус аскерлеринин жардам бергендиги тууралуу маалымат жок. Жекшемби күнү Трамп Орусиянын аскерлери өз көзөмөлүндөгү аймактын үстүнөн америкалык тик учактардын учуп өтүүсүнө уруксат бергенин билдирген.
Конашенковдун айтымында, акыркы убактарда аймакта АКШ аба күчтөрүнүн соккулары катталган эмес. Ал Орусиянын Коргоо министрлиги Кошмо Штаттардан Абу Бакр аль-Багдидинин өлүмүнүн далилин талап кылганын кошумчалады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ