Menu

Жылдын жаңылыгы: Кыргызстандын ар бир районунда 3 км асфальт төшөлдү

Бөлүшүү:

Эгемендүүлүк алган күндөн бери Кыргызстанда жолдордун абалы кызуу талкууга жем таштап келген. Бузулган, оңдоого муктаж жолдор айдоочулардын да, жүргүнчүлөрдүн да көйгөйүнө айланганы белгилүү. 2019-жылды президент Сооронбай Жээнбеков “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялаган. Былтыркы биринчи президенттик жылын да аймактарды өнүктүрүүгө арнаган. Ким эмне дебесин, бирок президенттин бул аракетинин арты менен аймактарда реалдуу жылыштар башталгандыгын бүгүнкү күнү эч ким тана албайт. Биз аны бир гана мисал менен далилдеп берүүнү чечтик.

Быйылкы жылы Транспорт министрлиги тарабынан жол оңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, өлкөдөгү бир канча чакырым жолдун акыбалы жакшыртылды. Анын үстүнө жыл башынан өлкөдөгү 40 район, 8 шаар планга кирип, ар бир аймактагы жолдордун 3 чакырымын, баарын эсептегенде 139,8 чакырымды оңдоо максатталган. 2019-жылы 308,4 чакырым жолго асфальт төшөө каралган болсо, а иш жүзүндө 328, 8 чакырым жол асфальт менен капталды. Жогоруда аталган пландын дээрлик баары аткарылып бүгүнкү күндө 138,1 чакырым жолго асфальт төшөлдү.

Мындан улам аталган бардык район жана шаарларда ушул жылга пландалган жол оңдоолор толугу менен аткарылды деп айтууга болот.

Тактап айтканда Чүй облусунда 8 район менен Токмок шаарындагы көчөлөрдү оңдоо каралган, жалпы узундугу 27 чакырымга жетмек. Анын 27, 1 чакырымы аткарылды.

Ал эми Ош облусунда 22 чакырым узундуктагы 7 районго таандык жолдун 22,3 чакырымы оңдолду.

Жалал-Абад облусунда болсо 8 район менен 3 шаардын жолдорунун акыбалын жакшыртуу пландалган. Анын жалпы узундугу 29,7 чакырымды түзмөк, а иш жүзүндө 28,8 чакырым оңдолду.

Ысык-Көл облусунда 5 район менен эки шардын көчөлөрүн жана жолдорун асфальттоо керек эле. жалпы узундугу 19,2 чакырымга жеткен жолдун 19 чакырымын оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Нарын облусунда 5 райондун оңдоого муктаж болго 15 чакырым жолу толугу менен оңдолду.

Таласта болсо 4 район менен Талас шаарынын 15 чакырым жолу да толугу менен колдон чыгарылды.

Ал эми алыскы Баткен облусу да четте калбады. 3 район менен Кызыл-Кыя шаарынын оңдоо иштерине муктаж болгон жолдорунун жалпы узундугун эсептегенде 11,4 чакырымды түзгөн. Бирок план ашыгы менен аткарылып бул аймактын 12, 4 чакырым жолу жакшыртылды.

Мына, фактылай түрүндө жасалган иштер. Бир жылда ар бир райондо 3 чакырым жолго асфаль төшөлөт деген мурда биздин түшүбүзгө да кирчү эмес. Көрсө, дилиң, оюң, максатың таза, түз болсо, жасаса болот турбайбы. Демек, президенттик мөөнөтү бүткөнчө Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бардык аймактарындагы жолдорду асфальттап берерине ишеним артып туралы…

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: