Menu

Бишкекте адамдын жүзүн тааныган камералар орнотулууда

Бөлүшүү:

Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 60 камера орнотулуп жатат. Бул туурасында ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, камералар эл аралык донорлордун жардамы менен алынып келинди. Бул иш Бишкекте түзүлгөн “Командалык борборду” ишке киргизүүнүн алкагында аткарылууда. Министрлик аталган борбордун максаты – кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздоо экенин кабарлады.

Ошондой эле “Коопсуз шаар” долбоору боюнча 306 жерге видеокамера орнотуу пландалууда. Бул долбоордун алкагында Бишкек шаарынын алты кичи районунда “Коопсуз район” долбоору ишке кирип, 72 камера коюлду. Жакын арада Бишкектин 11, 12 жана “Асанбай” райондоруна да видеокамераларды орнотуу каралууда.

Айтор “Коопсуз шаар” долбоору бир гана транспорт каражаттарынын эреже бузуусун каттабай, ууру-кескилерди да көзөмөлдөй турган болууда. Өткөндө “Мадина” кафесинин ээси дайынсыз жок болуп кетип, Кочкордо жолдун боюна өлүгү көмүлгөндүгү да камеранын жардамы аркылуу табылган.

Ылайым эле бийликтин бул аракети ишке ашып кетсин. Антпесе, кылмышкерлер азыр ээн талаанын бөрүсүндөй эле кутуруп, ишкерлерди талап-тоноп, “дан” бербегендерин малдай эле өлтүрүп, колдору канга батып, көздөрү канталап кетти.

“Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда “Вега” компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Долбоордун экинчи баскычын кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы 2 654 558 940 сомго ишке ашырат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: