Menu

Сүйүнбай Капаров: “Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, бирок жоопкерчилик жайында эмес!”

Бөлүшүү:

Акыркы жылдарда каржылык катаал каатчылыкка карабастан Сүйүнбай Капаров агартуучулардын “Билим булагы” гезитин дагыле үзгүлтүксүз чыгарып келатат. 7-ноябрь Басма Сөз күнүнө карата оштук редакторду капыл-тапыл кепке тарттык.

– Сүйүнбай мырза, дагыле жаш кезиңиздегидей шашкалактап жүрөсүз да. Деги каякка баратасыз?

– Алишер, эртең гезитибиз чыкмак эле. Ошону бир сыйра окуп, анан басууга кол койгону баратам.

– Деги азыркы Кыргыз журналистикасына Сиздин ичиңиз чыгабы?

– Жок. Таптакыр.

– Эмнеге?

– Кыргыз журналистикасында очерк, фельетон, публицистика, репортаж, сүрөттөмө деген сонун жана өтө олуттуу жанрлар бар эле. Булардын бири дагы азыркы жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМКларда) таптакыр жазылбай калды. Баары эле тегиз, же бир беткей сындаганга, тескерисинче, мактаганга гана биротоло ыктап кетишти. Бул, албетте, абдан чоң трагедия!

– Сиз баамдагандырсыз, тээ Совет доорунда ЖМКларда жарыяланган чоң-кичине сын материалдарга реакция дагы күч эле да?

– Ооба. Сынга кабылган аткаминер, же жетекчи атайын бюродо (азыркыча айтканда, коллегияда) катуу каралып, токтоосуз түрдө жана күнөөсүнө жараша адилет гана жазаланчу. Ошого жараша ЖМКлардын дагы ролу жана бедели абдан жогору болчу.

– А азырчы?

– Ушул тапта бекем аргументтелген материалдар жарыяланган күндө деле жөндүү гана сындалган аткаминердин, же жетекчинин кылы таптакыр кыйшайбайт. Тескерисинче, арзыбаган акчага жактоочу жалдашып, “Өмүр бою топтогон абийиримди айрандай төктү. Менден окурмандар алдында кечирим сурап, төгүндөө жарыялап, миллион сом айып төлөсүн!”- деп кайра бет тырмаактык кылып соттошуп жатышпайбы. Мындай тенденция (жышаан) Алмазбек Атамбаев президент кезинде ыраса күчөгөн. Азыр гана кичине тыйылып калгансыды.

– Деги анда эмнеге баш оорутуп жүрөсүз?

– Ош – расмий түрдө Кыргыз Республиксынын экинчи баш калаасы. Бул жакта деле өзүнүн туруктуу окурмандары бар мамлекеттик жана көз карандысыз гезиттер толтура. Ошондуктан, Кыргыз Өкмөтү катуу чыгынып, чукул арада Ош облустук басмаканасынын алкагында офсеттик түстүү басмакана ачуусу абзел!

– Ошентсе эле, маселе чечилип калабы?

– Ананчы! Биринчиден, ЖМКлардын басмакана чыгымдары дээрлик азаят. Экинчиден, Бишкекте басылган гезиттерди Баткен, Жалал-Абад, Ош тарапка учак, же автоунаа аркылуу ташуу түйшүгү дагы кыйла жеңилдейт.

– Сүйүнбай мырза, Кыргыз ЖМКларынын болочогун Сиз деги эмнеден көрөсүз?

– Кудайга миң мертебе шүгүр, Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги бар! Тилекке каршы, сөздүн жоопкерчилиги гана жайында эмес! ЖМК ээси, редактору жана кабарчылар жарыяланган ар бир сын материалы үчүн мыйзам чегинде жооп берүүгө тийиш! Ошондо гана адам укугу деген маселе күн тартибинен өзүнөн өзү алынат.

Ал эми болочокто ар бир гезит бара-бара өз сайтын ачып, интернет түйүнү акырындап кеңейет. Танып не. Биздин мындан башка аргабыз жок. Анткени, мезгил агымынан калып кетсек, окурмандарыбыздан биротоло ажырайбыз.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: