Menu

Кой-Таш окуясында Курсан Асанов туура иш кылганын 15 белгилүү саясатчы айтып чыкты. Алар кимдер?

Бөлүшүү:

ИИМ министринин мурдагы орун басары, генерал Курсан Асановду 15 белгилүү саясатчы колдоп, президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат менен кайрылышты. Бул тууралуу экс-депутат Жылдыз Жолдошова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, президентке ачык катта Курсан Асанов Кой-Таш окуясындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында туура иш кылганы, мыйзам бузбаганы, «Кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатканы үчүн» деген негиз менен кызматтан алганы коомчулукта түшүнбөстүктү күчөткөнү жазылган.

Колдогондордун тизмеси:

  1. Медеткан Шеримкулов,
  2. Абдыганы Эркебаев,
  3. Өмүрбек Текебаев,
  4. Феликс Кулов,
  5. Темир Сариев,
  6. Камчыбек Ташиев,
  7. Кубатбек Байболов,
  8. Марат Иманкулов,
  9. Абдыгул Чотбаев,
  10. Асия Сасыкбаева,
  11. Каныбек Осмоналиев,
  12. Камила Талиева,
  13. Эркин Булекбаев,
  14. Жылдызкан Жолдошева,
  15. Жолборс Жоробеков.

Эске сала кетсек, 13-августта премьер-министр М.Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган. Ага «7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп ИИМ ички иликтөө кызматынын чыгарган чечими себеп болгон. К.Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айтканАнын баш коргоо чарасы 27-августта Биринчи Май райондук сотунда каралып, 13-октябрга чейин үй камагына алынган. 14-октябрда  үй камагындагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: