15-сентябрда Кашкадарыя облусунун Касан районунда 40 жаштагы мугалим асынып өлүүгө аракет жасаган. Аны мектептен келген кызы көрүп, аман алып калган.
2018-жылы да аял өзүнө өрт коюп, кол салган. Маалыматка караганда, анын 14 жаштагы кызын зордуктаган киши жазага тартылган эмес, айылда болсо анын үй-бүлөсү тууралуу айың кептер тараган. Буга байланыштуу ал өз жанын кыйгысы келген.
– Ал күнү мен үйдө жалгыз болчумун. Кошунанын баласы темир сурап келип, жертөлөдөн зордуктап койду. “Кимдир бирөөгө айтсаң, өлтүрөм” деп коркутту. Эки жумадан кийин кайра келип зордуктады, – деди аялдын кызы.
Кыз кош бойлуу болуп калган. Ал 2018-жылы 10-майда көз жарган.
“Эркин Европанын” өзбек кызматы жашы жете элек өспүрүмдү зордуктан жигит эмне себептен жоопкерчиликке тартылбаганын тактоо үчүн учурда райондук прокуратура, Аялдар комитети жана кыз окуган мектептин жетекчилиги менен байланышып, маалымат алуу аракетинде.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ