Колорадо штатындагы университеттин кызматкери Стив Миллердин жетекчилигиндеги изилдөөчүлөр тобу акыркы жүз жыл аралыгында Бермуд үч бурчтугунда 75 учактын жана жүздөгөн кеменин жоголуп кетишинин жаңы түшүндүрмөсүн айтып чыгышты. Адистердин пикиринде, ал жоголуулар уникалдуу метеорологиялык кубулуш катары эсептелген «жарылуучу» алты бурчтуу булуттан улам болот.
Окумуштуулар бул жаңы түшүндүрмөсүн Бермуд үч бурчтугунун аймагынан алты бурчтук формасына ээ өзгөчө булуттарды көргөндөн кийин билдиришти. Алардын айтымында, ал булуттар «аба бомбалары» өңдүү касиетке ээ жана кыска мөөнөткө басаңдоочу аба кыймылын — микрокыймылдардын булагын элестетет.
Эгер мындай кубаттуу аба агымдары кагылышып, өз ара аракетке барса алар жогорку турбуленттик аймактарын жаратып, учактар менен кемелер үчүн коркунуч туудурат. Адистер алардын бул божомолу айрым спутника маалыматтары менен ырасталып жатканын билдиришүүдө.
Флорида, Бермуд аралдары жана Пуэрто-Риконун ортосунда жайгашкан Бермуд үч бурчтугу башка жерлерге салыштырмалуу суу жана аба кемелеринин көп жоголуп турушу менен белгилүү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ