Menu

Сапар Исаков финансы полиция органдарынын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толушу менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 19-февралда, Кыргыз Республикасынын финансы полициясынын органдарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өкмөт башчы куттуктоо сөзүндө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ардагерлерине жана жеке курамына ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча жигердүү ишти камсыздоонун өзгөчө манилүүлүгүн белгилеп кетти.

Премьер-министр жарандардын бакубатчылыгы жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү мамлекеттик сектордун жана бизнес-түзүмдөрдүн ак ниеттүү жана ачык ишмердүүлүгүнөн көз каранды экендигин белгиледи.

Сапар Исаковдун айтмында, акыркы жылдары өлкөнүн салык жана бажы тутумунда, ошондой эле укук коргоо органдарында реформаларды баштоого мүмкүндүк берген алгылыктуу өзгөрүүлөр болду.

Премьер-министр Өкмөт тарабынан мындан ары карай финансы полициясынын  материалдык-техникалык базасын жана мотивациясын чыңжоого чоң көңүл бөлүнөт деп белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында Сапар Исаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Андан тышкары финансы полициясынын жетекчилигине «Нива» үлгүсүндөгү алты автоунаага сертификат берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: