Жекшемби, 27-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Таниге өзүнүн Ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Катардын Эмири Чынгыз Эшимбековду Элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу мамилелер жакшы динамикада өнүгүп жатканын канааттандыруу менен баалап, Катардын Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрүүгө чын жүрөктөн кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Өз тарабынан Элчи Чынгыз Эшимбеков Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Эмир мырзага даректелген жылуу саламын жолдоду жана кыргыз-катар мамилелерин андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн баардык күчтөрүн жумшоого даяр экендигин билдирди.
Ошондой эле жолугушуунун алкагында өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ