Америкалык жоокерлер атайын операция жасап, ИГИЛдин анабашы Абу Бакра аль-Багдади Сириянын түндүк-чыгышында Идлиб шаарчасында өлтүрүлгөнүн АКШ президенти Дональд Трамп айтып чыкты. Номур биринчи жихадчы америкалыктардан жер алдындагы туннелге кире качып, өзүн-өзү жардырган. Бул операциянын негизинде ири сандагы согушкерлер өлтүрүлүп, он бир бала бошотулган. Аль-Багдадинин жок кылышына көмөк көрсөткөндүгү үчүн Д.Трамп Орусияга, Түркияга жана Иракка ыраазычылыгын билдирди.
Аль Багдади 2014-жылы Ирактын Мосул шаарындагы мечиттен сөз сүйлөп, Сирия менен Иракта “халифат” жарыялаган. Ошондон бери ал ачыкка чыккан эмес.
2011-жылдын октябрынан тарта расмий түрдө “террорист” аташып, кимде-ким Багдади жөнүндө маалымат берсе, 10 млн доллар төлөнөрү айтылган эле.
Террористтерге каршы операцияны Жональ Трамп Ак үйдөн түз эфирден карап олтурган сүрөтү да интернет айдыңына кеңири жайылды:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ