Menu

Картайган ата – энени, эки кызын, оорукчан инисин багуу үчүн Москвада эмгектенип жүргөн Мехризат Торгоеваны “патриоттор” өлтүрүп кетиптир

Бөлүшүү:

Россияда жашап жана иштеп жүргөн кыргыз кызы Жанна Мамасадыкова өзүнүн фейсбуктагы баракчасында Москвада болуп өткөн дагы бир трагедия жөнүндө кабарлады:

Өзөк өрттөгөн кечки кат!

Москванын жарыгы жанып, кыймыл азайып калган кезде, өзөк өрттөп, көзгө жаш айлантчуу кат келди.
Картайган ата – энени, эки кызын, оорукчан инисин багуу үчүн Мехризат Торгоева эл катары Москвада эмгектенип жүргөн. Жакында өздөрүн “патриот ” деп атаган маңкурттардын колунан каза таап, сөөгү моргдо кармалып турду. Ыйлап – сыктап бүгүн араң жөнөттүк. Бул эмне деген кордук? Патриот болгон кыйындар эми эки жетим кызды багышабы? Карайлаган ата энесин, оорулуу инисинчи? Ким жооп берет?
Мына ушундай кат!
Биз билбеген канчалаган бейкүнөө өлүмдөр, төгүлгөн көз жаштар…. мунун баарына кимди күнөөлөгүң келет?! Албетте арсыз, алсыз Кыргыз бийлигин. Кудайдан коркуп өз кызыкчылыктарын эмес, элди ойлогондо, берекелүү Кыргыз жеринен 6000000 эмес 10000000 адам жанын багып жашаса болмок. Өндүрүштүн баарын талап тоноп курсактарына салып койбогондо, завод фабрикаларды иштетип койгондо эл чет жакка суудай агылмак эмес. Жакындарыбыздын жанында жашап, иштеген кимге жакпасын аттиң! ….
Кыргыздын ушул күнгө кептелишине себепчи болгон баардык төрө болумуш сөрөйлөрдү кудайга койдук!!!
Каргыш урсун силерди ач көз тойбогон алкаштар!
Байлык топтоп көрүңөргө көтөрүп кете албасыңарды билген болгонуңарда, мындай болмок эмес! Өмүрдө өлбөс болуп жаралгансып, ар өлкөгө үй жай куруп, заводуңардан бери ачып, чалчактаганыңар силердин кыргыз үчүн кенедей да күйбөгөндүгүңөр!!!
Айкөл Манастын америкага үй салганын дегеле окубапмын. Бизге дагы бир Манасты бере көрчү жараткан!!!
Азыркы мышык чычкан ойноо менен алек болгон бийликти көрүп туруп, жакшы күндөрдөн да үмүт үзүлүп баратат аттиң!!!

mehrizat-torgoeva

Мехризат Торгоева

mehrizat-torgoeva-2

Мехризат Торгоеванын кыздары

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: