Menu

ЖКнын аппаратынын кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясы катталганына байланыштуу “Ак үй” ишемби күнү дезинфекцияланат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясы катталганына байланыштуу “Ак үй” ишемби күнү дезинфекцияланат. Бул тууралуу журналисттерге ЖКнын аппаратынан кабарланды.

Эсиңиздерге сала кетсек, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу коронавирус жуктуруп алган. Азыркы учурда ал үйүндө дарыланууда. Ошондой эле аны менен байланышта болгон башка кызматкерлер дагы үйүндө.

Ибраим Нуракун уулу канча адам менен байланышта болгону азырынча белгисиз.

Дезинфекциялоо иштерине Президенттин администрациясы жана ЖКнын администрациясы жооптуу.

Белгилей кетсек, бүгүн, 19-июнга карата Кыргызстанда 132 адамдан коронавирус илдети табылды. Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2789га жетти. Ал эми айыккандардын саны 1961 болсо, илдеттен улам каза болгондор 32.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: