Ош шаарынын жогор жагына «Данги» деп аталган жаңы ГЭС курулат. Болочоктогу курулуш объекти түшө турган жер, тактап айтканда Папан суу сактагычынан төмөн жайгашкан аймак менен Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу мүчөлөрү таанышып келишти.
«Данги» ГЭСи курулуп калса,Ош шаарынын жашоочулары ичүүчү таза суу менен камсыздалат, мындан тышкары Араван, Карасуу, Ноокат райондорундагы 5,5 миң гектар аянт сугарылат.
Электр энергиясын үзгүлтүксүз иштеп чыгуу 1 млрд кВт/саатка чейин жетет.
ГЭСтин курулушу, баасы жана башкалар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ