30 млн доллар Бишккек менен Сокулук райондорунда мектеп курууга бөлүнгөн. Бул тууралуу 1-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында “Мамкурулуштун жетекчиси Нурбек Абдиев билдирди.
Фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов өлкө боюнча курулуп бүтпөгөн канча мектеп жана бала бакчалар бар экенине кызыкты. Көрсө, 261 социалдык объекттин курулушу токтоп туруптур. 2000-жылдардын башынан тартып, 403 имарат узак убакытта куруллууу шартына өткөн. Жумуштарды соңуна чыгарууга акча жок.
Чиновниктер белгилегендей, авариялык абалдагы мектептерди оңдо-түздөөгө эле жалпы жонунан 70 млн доллар талап кылынат экен. Бир окуу мекемеси орточо эсеп менен 1 млн доллар турат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ