Menu

Расул Умбеталиев, эксперт: “Елисеевдин пикирине неге маани беришибиз керек”

Бөлүшүү:

– Расул мырза, эмне үчүн ТЭЦ боюнча камалгандардын иши создугуп, сот жабык өтүп жатат?

-Биринчиден, тергөөчүлөр убагында жакшы иштеген эмес. Тергөө амалдары талапка жараша болбогондуктан убакыт создугуп жатат. Экинчиден, айыптоочулар менен алардын адвокаты сотту создуктурууга кызыкдар. Анткени СИЗОдо бир күн отурган 3 күнгө барабар болот. ТЭЦтеги коррупция боюнча камалгандарга бир жарым жылдын жүзү болду. Алар сизодо отуруп, орто эсеп менен 4 жарым жыл камакта отурганга барабар убакытты өткөрүштү. Дагы сот жарым жыл созулса, 6 жылга барабар отуруп койгон болушат. Үчүнчүсү, эмнегедир соттордун да деңгээли төмөн болуп, көп калпыстыктарга жол берип, кайчы пикирлердин жаралышына себеп болуп жатышат. Тергөө органдары шалаакылыкка жол бербей, бул ишке дасыккан адистерди, тажрыйбасы мол эксперттерди тартышы керек. Ошондой эле сот миллиондорду эсептеп чыккан эксперттерди да соттук отурумга чакырышы керек. Соттор гумандуу болгондой түр көрсөтпөй чечкиндүү болуп, мыйзамдын күчүн колдонушу шарт. Болбосо иштеринен майнап чыкпайт. Убакытты созо бербей жаңы жылга чейин чечим чыгарышы керек. Антпесе бул сот процесси эки жыл эмес, 5-6 жылга созулушу мүмкүн. Анткени азыр иш райондук сотто гана каралып жатат. Алдыда шаардык сот, Жогорку сот деген бар.

-Елисеев “Азаттыкка” “ТЭЦ боюнча негизги күнөөлүүлөр эмес, күнөөсү жоктор камалып жатат” – деп билдириптир. Тергөөдө алайткан пикир эске алынышы керекпи?

-Елисеев өзү кылмышкер. Эмне үчүн биз кылмышкердин пикирин эске алышыбыз керек. Елисеев ЦАРИИде иштеп жатканда Исаков бөлүм башчы, Калиев эксперт болгон. Анын коррупциялык схемасын уланткандар камалып жатканда, Елисеевдин пикирине неге маани беришибиз керек. Ал мүмкүн саясатты башка багытка буруш үчүн атайылап ушундай ойду айткандыр. Бул маселе Елисеевдин пикирин эмес, дыкат иликтөөнү, тажрыйбалуу адистерди талап кылат.

– Расул мырза, коррупция менен шектелгендер акыркы мезгилде келтирген чыгымын жана айып пулдарды төлөсө эле эркиндикке чыгышууда. ТЭЦ боюнча коррупцияга шектелгендер да ушундай мүмкүнчүлүк берилиши керекпи?

-Негизи коррупционерлерди айып пул төлөсөң, жеген-ичкениңди куссаң эле эркиндикке чыгасың деп жазасын жеңилдетпешибиз керек. Жаңы кодекстердин жардамы менен акыркы мезгилде коррупционерлер бошоп, жазадан кутулуп жатышат. Бул нерсе коррупцияга болгон күрөштү солгундатат. Элдин бийликке болгон ишенимин жоготот. Соттун чечими чыкса, ТЭЦ боюнча күнөөлүү деп камалгандар деле так ушундай жол менен эркиндикке чыгып, жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн. Коррупция менен күрөш солгундабасын, коррупционерлер жазасыз калбасын десек, жаңы жылдан кийин күчүнө кирген кодекстерди кайрадан карап чыгып, мыйзамга, конституцияга карама-каршы келген жерлерин оңдошубуз керек. Болбосо акыркы күндөрү тергөө менен кызматташты деген шылтоо менен кылмышка күнөөлүүлөр башкаларга каршы көрсөтмө берсе эле бошоп, баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, жеңилдиктер берилип жатат. Ачыгын айтсам, мындай кодекс менен биз акыйкаттыкка, адилеттүүлүккө жете албайбыз.

-ТЭЦ боюнча айыпталып жаткандар саясаттын курмандыгы болуп жатышкан жокпу?

– Камалгандардын адвокаттары Нурбек Токтакунов менен Замир Жоошев алар жактап жаткан адамдар саясий куугунтукка кабылгандай, саясаттын курмандыгы болгондой пикирлерди айтып жатышат. Чынында ТЭЦ боюнча камалгандар саясаттын курмандыктары эмес. Алар экономикалык кылмыш үчүн камалгандар. Саясий куугунтук менен экономикалык кылмыш деген эки башка түшүнүк. Биз ошону ажыратып билишибиз керек. Бул жерде саясат жөнүндө сөз жок.

– Эгер ТЭЦ боюнча камалгандардын чындап эле күнөөсү тоодой болсо, неге анда регламентти сактабай, кыска убакыттын ичинде долбоорду ратификация кылып берген ошол кездеги спикер жана депутаттар жоопко тартылбайт?

– Негизи бул маселеде депутаттардын да, спикердин да күнөөсү бар. Алар регламенттеги процедураларды сактабай буйрукту аткарганы үчүн моралдык күнөөсүн тартышы керек. Негизи эл аралык келишимдерди кароонун ортосу 15 күндөн кем эмес болуш керек. А бизде болсо, 2-3 күндүн ичинде ратификациялап, регламентти бузушту.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: