«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевди кимдир бирөөлөр сабап кеткен. Мындай маалыматты аталган ишкананын басма сөз кызматы бүгүн, 1-ноябрда журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, окуя 30-октябрда, “Туңгуч” кичирайонунда, түнкү саат 24:00до болгон. Ушул убакытта Канатбек Ашырбаев машыгуу залынан чыккан. Белгисиз беткапчан эки адам кокусунан ага кол салып, ур-токмокко алып, сабап кетишкен. Учурда абалы жакшы, сакайып бүгүн жумушка чыккан. Бул фактыны Октябрь райондук милициясы иликтеп жатат.
Жабырлануучу Канатбек Ашырбаев BBC радиосуна барып маек бергенде бул тууралуу суроо болду. Анда ал: “Мага кол салууну ишмердүүлүгүмө байланыштырам. Себеби, Кара-Кечедеги көмүр кендеринде видеокөзөмөл коюлуп, тартипке келтирүү иштери башталган. Мага кол көтөргөндөр ошол тартипке каршы болгондор болушу ыктымал“,-деди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ