Бүгүн, 19-апрелдин кечинде Бишкектин Матросов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан 14 жашар кыз секирип өз жанын кыйган. Бул тууралу Бишкек комендатурасынан билдиришти.
Көчөт кыз подъезддин терезесинен чыгып жерге секирип, алган оор жаракаттарынан улам жыгылган жеринен “тез жардам” келгинче эле жан берген.
Кечки саат 17:00 чамасында телефон чакырык алган Бишкектин Октябрдык райондук милициясы окуя болгон жерге келгенде кыздын жансыз денеси жаткан. Анын өздүгү такталып, 2006-жылы туулган М.Э. аттуу өспүрүм кыз болуп чыкты.
Окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ