6-ноябрда Ак үйдүн алдына ата-энелер чыга турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда уюштуруучулардын бири Алиева Чынара Эсенгуловна билдирди.
Анын айтымында, алар Ак үйдүн алдына үч талап менен тынчтык акциясына чыгат. Биринчиси, депутат Строкова ата-энелерден «шайка» деп айткан сөзү үчүн алардан кечирим сурашы керек. Экинчиден, мектептеги ата-энелерден акча чогултуу токтобогондуктан, президент Сооронбай Жээнбеков өзү акча чогултуу токтотулушу боюнча буйрук чыгарышы керек. Үчүнчүдөн, мектепте иштеген мугалимдер 5 жыл гана иштеп, кызматтан кетиши керек.
“Мугалимдер көпкө иштесе өзүнүн саясатын жүргүзө баштайт экен. Ошондуктан алар беш жыл гана иштешин талап кылабыз. Мына азыркыга чейин мектептерде ата-энелерден акча чогултуу токтогон жок, дагы эле жүрүүдө. Биздин Новопавловкадагы ата-энелердин укугу тебеленип жатканы боюнча башкы прокуратурага арыз жазганбыз. Алар али текшере элек биз жазган мектепти. Өтө жай иштеп жатышат. Анан аргасыздан Ак үйдүн алдына чыгып жатабыз“,-дейт Ч.Алиева.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ